Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Ысык-Көл

Ак-Суунун Орлиное айылынын тургундары ички жолдордун абалына нааразы (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Орлиное айылынын тургундары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев менен болгон жолугушууда ички жолдордун абалы тууралуу маселелерди көтөрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Тургундардын айтымында, ички жолдор сүрүлбөй, шаарга каттоодо кыйынчылык жаралууда.

«Ички жолдор айына бир ирет сүрүлөт. Жол кырсыктар катталган учурлар көп болууда», - дешти тургундар.

Ал эми №4 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Кудайкул Узаков ай сайын 2-3 ирет жол сүрүлөрүн белгиледи.

«Жолдордун баарына асфальт төшөөгө карат жетишсиз», - деп түшүндүрдү ал.

Мындан тышкары, жолугушууда айылдык кеңештин депутаты Эрмек Кулетов өкмөттүн өкүлү У.Жылкыбаевге бир нече көйгөйлүү маселелер менен кайрылды. Ал Орлиное айылындагы мектеп авариялык абалда экенин, окуучулардын ата-энелери кооптонуп жатышкандыгын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 339
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:23,   18.02.2018   ( 8 адам окуп жатат)
×