Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Чүй облусу, Токмок 14.02.2018 11:31

Жаш талант: Хорватияда Европанын чемпиону аталган Чыңгызхан кимдер менен беттешкенин айтып берди (фото)

Turmush -  Хорватияда өткөрүлгөн мелдеште Европанын чемпиону болгон Токмок шаардык №8 орто мектебинин 9-классынын окуучусу, мушкер Алмазбек уулу Чыңгызхан менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын спорт менен машыгып келе жатканына 3 жыл болгон.

«Кичинекей кезимде атам каза болгон. Учурда апам менен Токмокто жашайм. 4 бир туугандын эӊ кичүүсүмүн. Апам Кадырова Кенжегүл Казиевна Токмок шаарындагы №8 орто мектепте директордун окуу тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштейт жана ошону менен бирге математика сабагынан билим берет.

Спорт менен машыгып жатканыма быйыл 3 жыл болду. Көпчүлүк ысымымды сурай беришет. Бул ысымды чоӊ атам койгон экен. Тарыхта калган Чыңгызхандай аделиттүү, кыйын инсан болсун деген тилек менен коюптур. Келечекте чоӊ атам койгон атты актап, Чыңгызхандай болуп, спорт менен дүйнөнү багындырып, кыргыз элимдин атын алыска таанытсам деген кыялдарым бар», - деди ал.

Жаш мушкер 3 жылдын ичинде бир топ ийгиликтерге жетишкен.

«2016-жылы кикбокс боюнча Кыргызстандын чемпиону, ушул эле жылы бирма боксу менен мелдешке катышып, анда да биринчиликти жеӊип, 2017-жылы кикбокс боюнча Кыргызстандын чемпиону болдум. Ошондой эле быйыл, тактап айтканда 2018-жылы Европанын кубогун жеӊип алдым. Спорттун чеберлигине талапкермин. Хорватияда өткөн Европа чемпионатына дүйнөнүн бир топ жеринен спортчулар келишиптир. Албетте, Европа чемпионаты болуп жатса, башкача сезимдер пайда болду. Мен хорватиялык мушкер менен, андан соӊ финалда израилдик мушкер менен беттешип, аны жеӊип алдым», - деди ал.

Спортчу Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Чырак айылында 2002-жылы 11-апрелде төрөлгөн.

Тема боюнча: Токмоктук мушкер Чыңгызхан Хорватиядагы мелдеште Европанын чемпиону аталды (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×