Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май

Айыл турмушу: Таластык М.Жамгырчиева жасаган гүлдестелерди акелери да алып, жубайларына белек кылып турат (фото)

Turmush -  Талас районунун Көк-Ой айылынын 21 жаштагы тургуну Мунира Жамгырчиева кагаздан гүлдестелерди жасап сатат. Аймактык кабарчы чебер кыз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Талас мамлекеттик университетинде 2-курста окуйт.

«5-6 -класста окуп жүргөн кезимде эле кагаздан ар кандай гүлдөрдү жасачумун. Кийинчерээк бул ишим калып калган. Бирок кайрадан бул ишимди колго алдым. Мага бул идея каражат жагынан улам пайда болду. Жакында эле классташымдын үйлөнүү тою болуп, эмне белек кыларымды билбей ушул идея келди. Андан кийин бара-бара кардарлар чыгып, гүлдөрдү сатып ала башташты.

Гүлдөрдү атайын гүл жасоого ылайыктуу кагаздар менен жасайм. Көпчүлүк роза гүлүн жакшы көргөндүктөн роза жасатышат. Азыр майда гүлдөрдү жасаганды өздөштүрүп жатам. Жоогазын, гладиолус гүлдөрдү да жасайм. Гүлдөрүм 300 сомдон 1000 сомго чейин бааланат. Буйрутмалар көбүнчө туугандарымдан, айылдаш жана тайпалаштардан, досторумдан келет. Кээде акелерим да жеңелериме белек кылганы буйрутма кылышат (күлүп)», - деди ал.

Кол өнөрчү кыз үй-бүлөдө 6 бир туугандын экинчиси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1038
×