Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Талас

Кара-Буурада шамалдан үйүнүн чатыры бузулган 21 адамга акчалай жардамдар көрсөтүлдү

Turmush -  Кара-Буура районунда шамалдан жабыр тарткан 21 үйдүн ээлерине сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Таластагы филиалынын менеджери Талантбек Субанбеков билдирди.

Анын айтымында, райондо 2017-жылдын 27-декабрында ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге жеткен шамал болгон. Кара-Буура районунан жалпы 184 үйдүн чатырын учурган. Анын ичинен үйлөрүн камсыздандырган 21 адамга атайын текшерүүдөн кийин 4 миң сомдон 40 миң сомго чейин акча берүү тууралуу сертификаттар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 474
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×