Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 14.02.2018 08:30

Нарын шаарынын 150 жылдыгы белгиленет

Turmush -  Нарын облусунун Нарын шаарынын 150 жылдыгы ушул жылдын 17-сентябрында белгиленет. Бул тууралуу Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова билдирди.

Анын айтымында, Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта өтүүчү иш-чарага байланыштуу даярдыктар башталды. Жаңы курулуштарды куруу, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, үлгүлүү мекеме, үлгүлүү чөлкөм, үлгүлүү үй сынактары уюштурулат. Анын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар берилет.

Мындан тышкары, бир катар иш-чараларды өткөрүү каралган. Шаар күнүн өткөрүүгө каражат жергиликтүү бюжеттен бөлүнөт. Ошондой эле, шаардын тарыхын, өнүүгүсүн, жетишкендиктерин чагылдырган китеп чыгарылат. Аны даярдоо үчүн редакциялык коллегия тузүлүп, ишин баштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×