Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусуНарын району 13.02.2018 17:12

Нарындык окуучулар телефон менен тасма тартып, андан түшкөн акчага мектебине музыкалык аппарат алып беришти (видео)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Таш-Башат айылындагы мектептин окуучусу Эсенгул уулу Асылбек достору менен бирге тасма тартып, андан түшкөн каражатка мектебине музыкалык аппарат сатып беришти. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Эсенгул уулу Асылбек 2001-жылы 31-январда Нарын районуна караштуу Таш-Башат айылында төрөлүп, ошол жерде өскөн. Үй-бүлөдө 3 бир тууган, айылда таене жана таятасынын колунда тарбияланган. Учурда аталган айылда Мамбет уулу Дүрбөлөң атындагы орто мектебинде 10-класста окуйт.

«Тасма 3 дос бала жөнүндө тартылды. Анда биз достуктун бекем болушун камтыйлы дегенбиз. Тасма тартууга бала кезимден эле кызыгуум башталган. Себеби биздин айылдан режиссер Акжол Бекболотов тасма тартып, андагы эпизоддорго катышып, кызыгып калгам. Кийин мектепке "Тамашоу" лигасын ачып алдык. Балдарга тасма тарталы деп сунуштадым.

Сценарийди баарыбыз отуруп алып жаздык. 30 мүнөттүк тасманы 25 күндүн ичинде тартып бүтүрдүк. Бизде камера жок болгондугуна байланыштуу тасманы уюлдук телефон менен тартып, монтажды да ошол телефон менен жасадык», - деди ал.

Тасманы тартып бүткөндөн кийин аны айыл тургундарына тартуулашкан.

«Биздин биринчи тасмабыз болгондуктан албетте кемчиликтер болду. Сценарийди өзгөртүп, бурмалап жатып тарттык. Тасманы тартып бүткөндөн кийин аны элге 20 сомдон коюп берип, 4000 сом каражат чогулттук. Жыйынтыгында мектебибизге 6000 сомдук музыкалык аппарат алып бердик, анын 2000 сому мектептин бюджетинен берилди.

Өзүм да мектеп парламентинде президенттик кызматта иштегендиктен иш-чараларды уюштуруучу эжекелерибиз менен сүйлөшүп, караңгыда тартылчу кадрларды алардын уруксаты менен тарттык. Буюрса келечекте режиссер, оператор, монтажер, актер болоюн деген кыялым бар. 11-классты бүткөнчө дагы кыска метраждуу тасма жаратууну пландап жатам. Буюрса 2-тасмабыздын сценарийин иштеп жатабыз. Жакында тартуу иштерин баштайбыз», - деди Эсенгул уулу Асылбек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×