Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Чүй

Молдовановка айылында ЖАМКтын кызматкерлерине 36 батирлүү үй курулат (фото)

Turmush -  Аламүдүн районунун Молдовановка айылында түзөтүү мекемелеринин кызматкерлерине көп батирлүү үй курулат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 36 батирлүү турак үйдүн пайдубалына капсула салуу аземи бүгүн, 13-февралда болду. Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Дамир Сагынбаев, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров катышты.

Д.Сагынбаев турак үйдүн курулуш иштеринин башталышы менен куттуктады. «Биз сиздердин ишиңиздерге жана эс алууңуздарга татыктуу шарт түзүп берүүнү каалайбыз. Ар бир кызматкер эртең менен ак ниет иштөө керек деген ой менен ойгонушу керек», - деди ал.

Ал эми, Т.Жапаров Молдовановка айылынын аймагында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 5 мекемеси жайгашканын белгиледи. Ал акыркы убактарда мамлекет тарабынан кызматкерлерге турак жай берилип жатканын кошумчалады. «Нарында 24 батирлүү турак үй колдонууга берилди. Бишкекте 81 батирлүү жана Жалал-Абадда 70 батирлүү турак үйдү колдонууга берүүгө даярдалып жатат. Ал эми, январь айында Жаңы-Жер айылында 24 батирлүү үйдүн курулушу башталды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 370
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×