Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баткен облусу, Баткен 13.02.2018 16:14

Баткендеги жеке ишкерлер 774,4 млн сомдук өнөр жай продукциясын өндүрүштү

Turmush -  Баткен облусунда 1882 кичи жана орто ишканалар иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда өкмөт башчы Сапар Исаковдун Баткендеги иш сапары учурунда облус жетекчиси Абиш Халмурзаев билдирди.

Анын айтымында, аталган ишканаларда 3786 адам иштейт. Ошону менен бирге 35015 жеке ишкер, 30556 фермердик жана дыйкан чарбалар катталган. Жеке ишкер тарабынан 3669,7 млн сомдук чекене соода жүргүзүлүп, 774,4 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн. Кичи жана орто бизнесте иштегендердин эсебинен 10985,9 млн сомдук чекене соода жүргүзүлүп, 899,3 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×