Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 13.02.2018 15:31

Аксыда мугалимдер спорттук мелдешке түштү (фото)

Turmush -  Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айыл өкмөтүндө мугалимдердин ортосунда спорттук мелдеш өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Калыстар тобунун мүчөсү Эрмамат Кайыповдун айтымында, мелдеш спорттун 5 түрү боюнча өттү.

«Спорттук мелдешке жалпы 8 команда катышты. Мугалимдер тогуз коргоол, волейбол, стол тенниси, шахмат жана баскетбол боюнча күч сынашып жатышат. Жеңишке жеткен командаларга диплом жана белектер тапшырылды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×