Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Талас

Эгиздер: Бегайым менен Нурайым окшош кийинишсе ата-энеси да айырмалай албай калат (фото)

Turmush -  Талас районуна караштуу Көк-Ой айылындагы 14 жаштагы эгиздер Бегайым менен Нурайым Кубанычбековаларды айрым учурда ата-энеси да айырмалай албай калат. Аймактык кабарчы эгиздер менен таанышты.

- Кимиңер улуусу, кимиңер кичүүсү болосуңар?

- Нурайым: Эртең мененки саат 9:30да Бегай, саат 9:35те мен төрөлүптүрмүн. Ортобуздагы убакыт 5 мүнөт. Кичинекей кезибизде бир нерсе талашып калсак Бегай «мен сенден 5 мүнөткө улуумун» деп айтып калчу.

- Силерди көбүнчө кантип айырмалашат?

- Бегайым: Окшош болуп кийинип алсак жада калса ата-энебиз да айырмалай албай калат. Бирок бизди баамдап караса бир айырмачылык бар, менин оң жак бетимде мең бар. Телефон менен сүйлөшкөндө баардыгы эле «Бегайсыңбы же Нурайсыңбы?» деп сурашат.

- Мүнөзүңөрдө окшоштуктар же айырмачылыктар барбы?

- Бегайым: Экөөбүздүн мүнөзүбүз эки башка. Нурайдын мүнөзү татаалыраак, айтканынан кайтпайт. Мен ак көңүл, ачыкмын.

- Алдыга кандай пландарыңар кандай?

- Нурайым: Экөөбүз тең мектепти аяктаганда тиш дарыгери болууну ойлонуп жатабыз.

Эгиздер 6 бир туугандын эң кичүүлөрү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2851
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×