Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Ысык-Көл

Ысык-Көлдүн тургуну 1 кг баңгизат менен кармалды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун тургуну ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Түп районуна караштуу Фрунзе айылынан 34 жаштагы тургуну Б.Замир кармалып, кароо жүргүзүүдө кийип жүргөн курткасынын ичинен целлофан баштыкка оролгон күрөң түстөгү зат табылган. Экспертизанын корутундусу боюнча табылган зат гашиш экени аныкталып, анын салмагы 1 кг 70 гр түздү.

Аталган факты боюнча Түп РИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 4-бөлүгү (Бүбашкага берүү максатын көздөбөстөн өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иши козголду.

Баңгизат менен кармалган жаран Түп РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, анын үстүнөн козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдары жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 965
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×