Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Ысык-Көл

Жубайлар: Тоңдук 61 жаштагы М.Бокуева жаңы келин болуп келгендеги кызыктуу окуясын унутпайт (фото)

Turmush -  Тоң районунун Туура-Суу 2 айылынын 61 жаштагы тургуну Бокуева Минагүл жаңы келин болуп келгенде башынан өткөргөн кызыктуу окуялар тууралуу айтып берди. Өзүнүн айтымында, ал 18 жашында турмушка чыккан.

«Мен Тоң районунун Дөң-Талаа айылында төрөлүп өскөм. Мектепти бүткөндөн кийин 1975-жылы 18 жашымда турмушка чыккам. Жолдошум менин айылыма жумуштап келип, мени жактырып калган экен. Кошуна жеңеге айтыптыр, ал экөөбүздү тааныштырган. Андан кийин бир аз сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Жолдошум Касымбеков Темирбек 1951-жылы Тоң районунун Оттук айылында төрөлгөн. Кийин Туура-Суу 2 айылына көчүп барып, ошол жакта жашап калганбыз. Жолдошум кесиби боюнча мал доктур. Фрунзе шаарындагы Айыл чарба техникумунда окуган. 20 жылдан ашык айылда зоотехник болуп эмгектенип, анан пенсияга чыкты», - деди ал.

М.Бокуева жаңы келин болуп келгенде жолдошунун тамашасын түшүнбөй, кызыктуу окуяга туш болгон.

«Жаңы келин болуп келгениме 1 жылдай болуп калган кез. Мурун көп деле таң эрте туруп эшиктин алдын шыпырчу эмес элем. Бир күнү таң атпай туруп алып, эшиктин алдын шыпырып жатсам жолдошум да эшикке чыкты. Мени көрүп таң калып: "бүгүн күн башка жактан чыккан го» деди. Мен ишенип алып, шыпыргыны көтөрүп алып асмандан күндү издеп жөнөдүм. Мени көрүп жолдошум да "буга эмне болгон же чын эле күн башка жактан чыкканбы?" деп мени менен кошо издеп калды (күлүп).

Азыр дайыма ушул окуяны эстеп алып күлүп, балдарга айтып беребиз. Бош убактыбызда жолдошум короодо малдарга көз салып, жыл сайын жакшы төл алганга аракет жасайт. Мен китеп окуганды жакшы көрөм жана үй жумуштары менен алектенем, неберелеримди багам. Негизгиси бактылуу карылык жана балдарымдын бактылуулугун тилейм», - дейт ал.

Жубайлардын 3 уулу, 4 кызы жана 19 небереси бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2106
Көп окулду
×