Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 13.02.2018 12:26

Кара-Бууранын Чолпонбай айылында 375 кедей үй-бүлө бар

Turmush -  Кара-Буура районунун Чолпонбай айыл өкмөтүндө 375 жакыр үй-бүлө бар. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Айдар Маткеримов 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча атайын жыйында билдирди билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы айылда жалпы 165 адам жөлөк пул алган. 80 адам жер тилке сурап кезекке турган. 375 кедей үй-бүлө катталган.

Айыл тургундары тараптан суроого кезек келгенде эл салык чогултуу маселесин көтөрдү. Алар Салык инспекциясынын кызматын айыл өкмөткө жүктөп койгонуна нааразы болушту. Айылды дотациядан чыгаруу үчүн жергиликтүү кеңештин чечими менен быйыл жер салыгы 186 сомдон 410 сомго көтөрүлгөн.

Суу чарбаны тейлөөчүлөр элден быйылкы жылы сууну аз талап кылуучу өсүмдүктөрдү тигүүнү суранды. Алар быйылкы жылы кар аз жаагандыктан суу жетишпей калуу коркунучу бар экендигин эскертти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×