Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Ош

Айыл турмушу: 40 жылдан бери гүл өстүргөн кара-суулук багбан көчөттөрдү Голландия, Италиядан алдырат (фото)

Turmush -  Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын тургуну Акбар Азимов үй-бүлөсү менен бирге 40 жылдан бери гүлдөрдүн 15ке жакын түрүн өстүрүп келет. Ишин өтө сүйгөн багбан гүлдөрдүн көчөттөрүн Голландия, Италиядан бери буйрутма менен алдырат.

Учурда ал күнөсканада өстүргөн гүлдөр өлкөнүн 7 дубанына чейин тарап жатат. Бул тууралуу багбан күнөсканасы менен таанышкан аймактык кабарчыга билдирди.

Акбар мырза багбанчылыкты 1 сотых жерге гүл өстүрүү менен баштаган. Учурда күнөсканасынын аянты 1 гектар жерди ээлейт.

«Союз мезгилинде кичине күнөсканабыз бар эле. Башында помидор эгип көрдүм, бирок чыгымы көп болуп, өзүн актабай калды. Акырындык менен гүл өстүрүүнүн сырларын өздөштүрө баштадым. 40 жылдан бери гүл тармагында жүрөм. Голландиядан, Италиядан гүлдөрдүн көчөтүн 15 жылдан бери алып келип өстүрөм. Бизде альстрёмерия, гвоздика, хризантема, калла, гербера, роза, георгина, гладиолус жана башка көптөгөн гүлдөр бар. Голландиядан алып келген гүлдөр кышкысын гүл ачып, суукка чыдамдуу келишет. Жазында гүл ачууну токтотушат», - деди ал.

Акбар Азимовдун айтымында, гүлдөр дагы камкордукка муктаж болушат.

«Гүлдөрдү жаш баладай карайбыз. Отоо чөптөрүн убагында отоп, ооруларды алдын алып, убагы менен дары чачып турабыз. Учурда биздин күнөсканадагы гүлдөр өлкөнүн бардык аймактарына чыгарылат. Мезгилге жараша гүлдөрдүн баасы өзгөрүп турат», - деди ал.

Кышкысын күнөскананы жылытууга 50 тоннага чейин көмүр жагылат.

56 жаштагы Акбар мырза 4 уулдун атасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1030
Көп окулду
×