Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Баткен

Баткенде 3 гектар сейил бак 15 жылдан бери каралбай жатат (фото)

Turmush -  Баткен шаарындагы 3 гектар жерди ээлеген сейил бакта азыркыга чейин тиешелүү шарттар түзүлбөй келет. Бул тууралуу шаар тургундары билдирди.

Алардын айтымында, учурда сейил бактын ичин чөп басып, мал жайылып жүрөт.

«Сейил бак болот дегенине көп болду. Азыр дагы элдер ал жерди парк деп айтышат. Бирок эс алмак тургай, карап өткөн адам жок. Шарт жок, эшиги жабык, чөп басып жатат. Ушуну оңдоп, пайдаланууга берсе адамдар эс алып, сейилдешсе болмок», - деди шаар тургуну Сайрамкан Абдыраимова.

Ал эми бийликтин маалыматы боюнча, эс алуу жайына деп бөлүнгөн аянт айдоо жери болгондуктан аны сейил бакка айлантууга уруксат бериле элек. Шаар бийлиги жердин багытын өзгөртүүгө көп жолу аракет калганы менен жыйынтык болбой жатат.

«Биз жердин багытын айдоо жеринен социалдык кылып өзгөртүү үчүн көп жолу аракет кылдык. Өкмөткө кайрылуу жасадык, бирок ишке ашпай жатат. Бул жылы да шаардык кеңешке сунуштайлы деп жатабыз», - деди Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы мунципиалдык менчик департаментинин директору Акрам Акматов.

Сейил бак үчүн Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынан 2 гектар 800 сотых жер 2003-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматы тарабынан бөлүнгөн. Ошол убакта айланасы тосулуп, арчанын көчөттөрү отургузулган. Бирок пайдаланууга берилбей кароосуз калды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1315
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×