Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Талас

Айыл турмушу: Таластык 17 жаштагы балбан Сыймык мелдештерде ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Талас районунун Козучак айылынын 17 жаштагы тургуну Сыймык Талантбек уулу 3 жылдан бери эркин күрөш менен машыгып, ийгиликтерди жаратууда.

Өзүнүн айтымында, спортко кызыгуусу сыналгыдан олимпиадалык беттештерде кыргыз балбандарынын күрөшүп жатканын көрүп пайда болгон.

«Башында 42 кг салмакта күрөшүп баштагам. Азыркы убакта 60 кг салмакта күрөшөм. Машыгуу залына жумасына 3 күн барам. Эң биринчи Талас облусунда өткөн мелдештен 1-орунду ээледим. Андан кийин Бишкек шаарына жана башка облустардагы мелдештерге чыгып, көптөгөн медалдарды алганга жетиштим. Жакында Казакстанга барып, байгелүү кайттык. Келечекте дагы башка көптөгөн өлкөлөргө чыгып, олимпиадага катышып, кыргызымдын желегин желбиретсем деген максатым бар», - деди ал.

Балбан жигит үй-бүлөдө 6 бир туугандын төртүнчүсү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1184
Көп окулду
×