Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 13.02.2018 09:35 На русском

Аксыдагы мугалимдердин өлүмү: Жол кырсыктан жараат алган Г.Таштанова окуя тууралуу айтып берди

Turmush -  Кербен шаарында 10-февралда милиция кызматкеринин катышуусундагы жол кырсыктан эки мугалим каза таап, эки мугалим ооруканага жеткирилген. Кырсыктын кесепетинен 30 жаштагы Гүлазым Сартмырзаева менен Айчүрөк Исманова каза болгон. Кечээ, 12-февралда Гүлазым жерге берилсе, бүгүн Айчүрөктү жерге беришет.

Бул окуя боюнча кырсыкта жеңил жаракат алган Гүлмира Таштанова окуя кандай болгонун айтып берди.

«Мектеп директору бизди эртең менен унаага салган. Кербен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепте мугалимдер арасында өтүп жаткан волейбол оюну боюнча аймактар арасындагы сынакка 9 мугалим катышканбыз. Бир команданы утуп, эки командадан жеңилдик. Топ ойноп бүткөн соң шаардын борборун көздөй келе жатканбыз. Анткени биз автоунаага борбордон кете турганыбызды айтканбыз.

Төрт мугалим бизден 30-40 метрдей алдыга кетип калышкан, биз бешөөбүз бара жатканбыз. Мектептен чыкканда Шатманов көчөсү менен түз келип, борбордук көчөгө жетели деп калганбыз. Жолдун сол тарабында бешөөбүз келе жатканыбызда унаа капталы менен өтө катуу ылдамдыкта бизди көздөй келе жатыптыр. Биз качып жөнөдүк. Жолдо андан башка унаа жок болчу. Экөөбүз жолдун сол тарабына качып, үчөө жолдун оң тарабына качышты. Капталдан келген унаа мен качып бара жатканда бир аз тийип кетти. Мен унаа тийгенде жыгылып калдым. Унаа айланып барып, жолдун оң жээгин көздөй качкандарды сүзүп, эки метрдей ыргыта койду. Тарс деген үн чыккандыктан ошол жердегилер дароо жардамга келишти. Айдоочуну көргөн жокпуз, ал кармалганын билбейбиз. Автоунаа өтө катуу ылдамдыкта келди. Биздин алдыбызда кеткен мугалимдер да унаа өтө катуу ылдамдыкта бара жатканын көрүшкөнүн айтып жатышат», - деп билдирди Г.Таштанова.

Анын ырастоосунда, ал дагы жолдо кырсыктаган кесиптештери менен кошо ооруканага жеткирилген. Ал бир күн дарыланып чыкты. Учурда оң буту ооруп жатат. Ооруканадагылар томография аппаратына түшүү керектегин билдиришкендиктен ал Жалал-Абад шаарына барууга даярданууда.

Кербен шаарындагы №52 Мамай атындагы орто мектептин директору Тажимырза Умаркуловдун айтымында, мугалимдер арасында өтүп жаткан сынакка ал мугалимдерди эртең менен унаага салып узаткан эле. Жол кырсыктан каза болгон Айчүрөктү кайын атасынын унаасына салган, ал мелдеш өтүүчү жайга жеткирип койгон.

«Мугалимдер мени менен саат 17:01де байланышып, ойноп бүткөнүн билдиришкен болчу. Мектептен чыгып, 200-300 метрдей басышканда ушундай окуя болуптур.

Гүлазым Сартмырзаева 2 жылдан бери иштеп жаткан, башталгыч класстарга сабак берчү. Артында бир уулу, бир кызы калды. Исманова Айчүрөктүн да бир уулу, бир кызы калды. Бул мугалимибиз информатика сабагынан билим берип жаткан эле», - дейт мектеп директору.

Ал эми окуядан оор жараат алган Мукадас Ажибаев дале өзүнө келе элек. Абалы оор бойдон калууда.

Буга чейин Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы жол кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, Аксы РИИБдин кызматкери 2 айга камакка алынгандыгын маалымдаган.

Ошондой эле, кырсыкка кабылган милиция кызматкери унаасын башкара албай калганын, кырсыктан кийин жабырлануучуларды ооруканага жеткиргендиги айтылган.

Ушул жылдын 10-февралында саат 18:00 чамасында болгон жол кырсыктан улам 2 адам каза болуп, дагы экөө жаракат алгандыгы маалымдалган.

Turmush басылмасы тактаган маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен 1988-жылы туулган Кундуз менен Гүлям каза болгон. Жабырлануучулар— 1988-жылы туулган Т.Г. менен 1983-жылы туулган М.А. дарыгерлердин кароосунда.

ОИИБ алгачкы текшерүү иштеринде айдоочу — Аксы РИИБдеги кенже сержант алкоголдук ичимдик ичпегени аныкталганын билдирген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кербен шаарындагы Мамай атындагы мектептин мугалимдери семинардан кайтып бара жатышкан. "ВАЗ 2107" үлгүсүндөгү жеке унаасы менен бара жаткан милиционер Ниязалы менен Шатманов көчөсүнүн кесилишине жеткенде жолдун тайгалактыгынан башкарууну жоготкон. Айрым маалыматтар боюнча, алдындагы унаадан качууга аракет кылган. Унаа жолдун четиндеги тосмого урунуп, андан кийин жөө бара жаткан мугалимдерди сүзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×