Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Чүй

Токмокто социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлерине эмгек акы берилбей жатат

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарындагы социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери эмгек акы ала элек. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мекеменин кызматкерлер билдиришти.

«Буга чейин эмгек маянабызды шаардык мэриядан алып келгенбиз. Алар Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен алгыла, бюджетте акча жок деп жатышат. Министрликке барсак, алар кайра мэрияга жөнөтүштү. Эми январь айынын айлыгын ала элекпиз. Ушул маселени чечип бериӊиз деп өлкө башчысына кайрылуу жолдоп жатабыз», - деп билдиришти кызматкерлер.

Бул маселени аймактык кабарчы тиешелүү түзүмдөрдөн тактап жатат.

Аталган башкармалыкта жалпы 40 кызматкер иштейт. Айлык акы 4 миӊ сомдон 11 сомго чейин барат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1363
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×