Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Баткен

Баткендеги сейил бакта өспүрүмдөр талкалаган отургучтар жаңыртылды

Turmush -  Бүгүн, 12-февралда Баткен шаарындагы эс алуу жайларда талкаланган отургучтар оңдолуп, кайрадан коюлду. Бул туралуу Баткен шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, буга чейин Жеңиш сейил багындагы 12 отургучту белгисиз бирөөлөр талкалап кетишкен. Учурда отургучтардын 10 даанасы жаңыртылды.

«Калган 2 даанасы дагы алынып келет. Бул отургучтарды өспүрүм балдар талкалагандыктан алардын ата-энелери кайра жасатып жатат», - деп айтылат маалыматта.

Мэрия Баткен шаарына жалпысынан 93 отургуч орноткон. Анын жалпы сметалык баасы 405 миң 360 сомду түзгөн.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Баткендеги эс алуучу жайларга коюлган отургучтар белгисиз адамдар тарабынан талкалангандыгы кабарланган.

Сейил бакта эс алууга шарт түзүү максатында 30га жакын отургучтар орнотулган болчу. Алардын ичинен 10дон ашык отургучту белгисиз бирөөлөр талкалап кеткен. Бул факты боюнча милиция кызматкерлери иликтөө жүргүзүшкөн.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 360
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:23,   18.02.2018   ( 9 адам окуп жатат)
×