Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Чүй

Москва районунда башкаруусун жоготкон унаа даракты сүзүп, мас абалдагы жигит ооруканага жеткирилди

Turmush -  Чүй облусунун Москва районундагы жол кырсыктын кесепетинен 28 жаштагы жигит жаракат алды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жол кырсык 11-февраль күнү Ак-Суу айылынын аймагында болгон. Айдоочу башкаруусун жоготуп, унаа даракты сүзүп токтогон.

Кырсыктын кесепетинен Сокулук районунун Арал айылынын 1990-жылы туулган тургуну жабыр тартып, ооруканага жеткирилди. Дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин ал баш сөөгүнөн жана мээсинен жаракат алганы аныкталды. Ошондой эле, жабырлануучу ооруканага жеткирилген учурда мас абалда болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 424
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×