Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Жалал-Абад

Аксыдагы мугалимдердин өлүмү: РИИБдин кызматкери 2 айга камалды

Turmush -  Кербен шаарында милиция кызматкеринин катышуусундагы жол кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, Аксы РИИБдин кызматкери 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин 10-февралда саат 18:00 чамасында болгон жол кырсыктан улам 2 адам каза болуп, дагы экөө жаракат алгандыгы маалымдалган.

Turmush басылмасы тактаган маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен 1988-жылы туулган Кундуз менен Гүлям каза болгон. Жабырлануучулар— 1988-жылы туулган Т.Г. менен 1983-жылы туулган М.А. дарыгерлердин кароосунда.

ОИИБ алгачкы текшерүү иштеринде айдоочу — Аксы РИИБдеги кенже сержант алкоголдук ичимдик ичпегени аныкталганын билдирген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кербен шаарындагы Мамай атындагы мектептин мугалимдери семинардан кайтып бара жатышкан. "ВАЗ 2107" үлгүсүндөгү жеке унаасы менен бара жаткан милиционер Ниязалы менен Шатманов көчөсүнүн кесилишине жеткенде жолдун тайгалактыгынан башкарууну жоготкон. Айрым маалыматтар боюнча, алдындагы унаадан качууга аракет кылган. Унаа жолдун четиндеги тосмого урунуп, андан кийин жөө бара жаткан мугалимдерди сүзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 456
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:23,   18.02.2018   ( 2 адам окуп жатат)
×