Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ысык-Көл

Айыл турмушу: «Викинг» тарыхый тасмасына кыргыз сүрөтчүсү К.Мусаев 4 аттын кебин жасап берген (фото)

Turmush -  Түп районунун Күрмөнтү айылынын тургуну, Кыргызстан менен Казакстандын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Кадырбек Мусаев белгилүү шедеврге айланган «Викинг» киноэпопеясына аттардын кебин (чучело) жасап берген.

Сүрөтчүнүн айтымында, ага россиялык режиссерлор буйрутма берген.

«Россиялык режиссерлордун буйрутмасы менен 4 аттын кебин 2015-2016-жылдары жасап бердим. Жазга жуук казактын режиссерлору да буйрутма бергени жатат. Ал эми дүйнөдөгү акыркы алп Кожомкул балбан жөнүндө кинотасма тартылса жылкынын кебин жасап берүүгө даярмын», - дейт К.Мусаев.

«Викинг» — россиялык режиссер Андрей Кравчуктун тарыхый тасмасы. Бул кинолентаны «Игра престолов» менен «Властелин колец» тасмаларынын аналогу деп атап келишет. Тасманы жаратууга 7 жыл кетсе, тартууга 1,2 миллиард рубль жумшалган. Андагы окуя орто кылымдагы Киев Русунда болот. Сюжеттин ортосунда Киевдин улуу князы Святославдын үч уулунун бийлик үчүн тиреши чагылдырылган. Улуу Ярополк аңчылык учурунда этиятсыздыктын айынан өзүнүн агасы Олегди өлтүрүп алат. Ал үчүн кичүү иниси Владимир өч алышы керек болот.

Буга чейин маалымдалгандай, сүрөтчү К.Мусаев экс-президент Алмазбек Атамбаевге 8 жылдан бери чогулткан табигый өзгөчөлүктөгү таштар менен белек даярдаган.

«Экс-президентибиз А.Атамбаевдин аты да, фамилиясы да 8 сандан турат. 8 санына тиешелүү чиймелер, схемалар да бар. Буга чейин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин аты-жөнүн таштардан жазып чыгып, белек кылуу менен сый көргөм. Россиянын президенти Владимир Путиндин атын дагы былтыр жазып даярдадым. Бирок, аны кандай жол менен өзүнө бере турганымды билбей жүрөм», - деген Кадырбек Мусаев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Тема боюнча:

25.12.2015Үркүндүн 100 жылдыгына карата сүрөт көргөзмөсүндө К.Мусаевдин таштардан жасаган композициясы баш байгени утту
18.07.2016Айыл турмушу: Түптүк К.Мусаев тамгалуу таштардан Н.Назарбаевдин ысымын чогултуп, акчалай сыйлык алган (фото)
20.05.2017Айыл турмушу: Түптүк сүрөтчү К.Мусаев А.Атамбаевге 8 жылдан бери чогулткан табигый өзгөчөлүктөгү таштар менен белек даярдады (фото)
13.09.2017Айыл турмушу: Түптүк К.Мусаев чиновниктерге шамандардын музыкалык аспаптарын жасайт (фото)
13.05.2018«Жеңеке»: Кыргыз келини болгонуна сыймыктанган түптүк сүрөтчүнүн аялы Елена өзгөчө эчкилерди багат (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1934
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×