Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Талас

Айыл турмушу: Таласка келин болгон А.Болотбекова 200дөй кызга бий үйрөтүп жатат (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 19 жаштагы тургуну Адина Болотбекова балдарга билим берүү борборунда хореограф болуп иштеп жатат. Аймактык кабарчы бийчи кыз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кемин районунун кызы. Таластык жигитке турмушка чыгып, келин болуп келген.

«Бишкек шаарында бий топтор менен ар кандай сынактарда, фестивалдарда бийлеп жүрдүм. 2008-жылы Чүй облусунда өткөн «Сары-Өзөн чолпондору» сынагында байгелүү орунга ээ болгом. 2014-жылы Түркиянын Стамбул шаарына барып бийлеп келгенбиз. Курбу кыздарым менен «Нуска» бий тобун ачтык. Аны менен катар «Кыргыз чүрөгү», «Айкөл» деген бий топтордо бийлеп жүрдүм. Талас шаарына келин болуп келгенден кийин да бийчилигимди таштаган жокмун. Учурда шаардагы балдарга билим берүү борборунда хореограф болуп иштеп жатам. Азыркы учурда 200дөй окуучуга бий үйрөтөм. 3 жаштан 5 жашка чейинкилер «Назик» бийчилер тобунда, 7 жаштан 9 жашка чейинкилер «Даткайым» бийчилер тобунда бийлешет. Бир жуманын ичинде 3 күн улуулар, калган 3 күн кенже тайпа сабак алат. Жалпысынан 7 тайпага сабак берем. Бийчи кыздарым таланттуу, аракетчил. Өзүм бул жакка жаңы келгенде таң калгам. Себеби көп бий топтордо иштедим, бирок шыктуу кыздарды Таластан жолуктурдум. Бий койгондо мага жеңил болот. Кээ бир учурларда 1 бий үйрөтүү үчүн 1 ай убакыт өтөт. Бирок менин кыздарыма ашып кетсе 10 күн жетет. Себеби мен бир көрсөткөндө эле кыздарым кайталап кетишет», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле окуучулары бир топ ийгиликтерди жараткандыгын кошумчалады.

«Буйруса апрель айында «Назик» бийчилер тобу менен Кипрде боло турган эл аралык фестивалга даярдануудабыз. Август айында Түркиянын Измир шаарына чакыруу бар. Ал жакка да даярданып жатабыз. Кыздарымды Кыргыз-Түрк «Манас» университети уюштурган 4 күндүк фестивалга алып барайын деп, жаңы бий даярдап жатам. Өзүмө таандык 5 бий бар. Тойлорго, банкет кечелерге бийлөөгө сунуштар түшүп турат. Бирок мен андан баш тартам. Себеби балдардын жоопкерчилигин алуу өтө кыйын», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1534
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×