Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 08.02.2018 12:59

Айыл турмушу: Кара-бууралык З.Ниязалиева 1200 сомдук төшөктөрдү курайт (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакыян айылынын 46 жаштагы тургуну Замира Ниязалиева 1200 сомдук төшөктөрдү курайт. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Кызыл-Октябрь айылынын кызы. 1991-жылы Бакыян айылына келин болуп келген.

«Өзүмдүн апам чебер болгон. Апамдын иштүүлүгүн кыздар жалпы жолдодук. Мен кыз кезимден бери курак курап келем. Куракты айыл ичиндеги тургундар көп куратып кетишет. Каттама, жылдызча, тоо курагын, күн карама курактарын курайм. Жаздыкчалар 1 миң сом, жер төшөктөр 1200 сомдон даярдалат. Кездемелер кардарлардын өздөрүнөн чыгат. Буйрутма түшсө күн-түн дебей 2 күн ичинде даяр кылып бүтүрүп берем. Майда жумуш болгондуктан көздүн майын алат. Мындан тышкары кийимдерди да тигем», - деди ал.

Чебер айым 6 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×