Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Чүй

Айыл турмушу: Темир уста Р.Дүйшеев 400 миӊ сомго чейин бааланган буюмдарды жасайт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылынын 24 жаштагы тургуну Руслан Дүйшеев темирден жасаган эмеректерин 60 миӊ сомдон 400 миӊ сомго чейин баалап сатат. Анын эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

Руслан устачылык менен 6 жылдан бери алектенип келүүдө.

«Устачылык өнөр менен 6 жылдан бери алектенем. Башында байкемден үйрөнгөм. Бастырма, тапчан, тосмо, короонун дубалын, торун, перила, мангал жана темирден ар кандай эмеректерди, гүлдөрдү жасайм. Темирлерди сапатына карап алып, Россиядан келген темирлер менен гана иштейм. Жасаган эмерек жана буюмдарым 70 миң сомдон 400 миң сомго чейин бааланат. Келечекте ушул ишимди өнүктүрүп, элге сапаттуу эмеректерди тартуулагым келет», - деди ал.

Руслан кардардын темир дубалын орнотом деп кызыктуу окуяга туш келген.

«Бир жолу досум экөөбүз темир дубал коёбуз деп шаймандарды унаага салып, кардардын үйүнө бардык. Ишти эми баштайлы деп унаанын багажын ачсак темир дубалды унутуп кетиптирбиз. Каткырып күлгөн бойдон кайра барып алып келдик. Ошол окуяны азыркыга чейин эстеп күлөбүз», - деди ал.

Уста үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы.

«Келинчегим экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө 3 жыл болду. Экөөбүздүн бир кызыбыз бар. Өзүм ашпозчулук кесип боюнча билим алгам. Бирок жашоо шартка байланыштуу ширеткич болуп калдым», - деди чебер уста.

Ал Кемин районунда 1994-жылы 30-апрелде төрөлгөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1689
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×