Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Талас

Айыл турмушу: Кара-бууралык мугалим Ж.Бешкемпирова жүздөгөн балдарды окуткан (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын 48 жаштагы тургуну Жылдызкан Бешкемпирова 23 жылдан бери билим берүү тармагында иштеп, жүздөгөн балдарды окутту. Аймактык кабарчы мугалимден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, учурда А.Токтогожоев атындагы орто мектебинде директор. Кесиби боюнча тарыхчы мугалим.

«Өзүм Кара-Буура районунун Бакайыр айылында төрөлгөм. 1992-жылы Көк-Сай айылына келин болуп келгем. 1994-жылы тарых факультетин бүтүргөндөн кийин Аманбаев айылындагы Ч.Айтматов атындагы орто мектебинде тарыхчы мугалими болуп иштедим. Андан кийин декретке чыгып, 2001-жылдан баштап Көк-Сайдагы А.Токтогожоев атындагы мектепте иштедим. Бул жерде 2010-жылдан 2012-жылга чейин окуу бөлүмүнүн башчысы кызматында иштедим. 2012-жылдан бүгүнкү күнгө чейин мектеп директору болуп иштеп жатам. 23 жылдык эмгек тажрыйбамда бир катар сыйлыктар менен сыйланып, 2012-2016-жылдары айылдык кеңештин депутаты болдум
Мектебибизде өзүбүздүн кошумча чарбаларыбыз бар. 3 жылдан бери балдардын тамагы үчүн картошка, сабиз, капуста эгебиз. Мектептин 85 сотых жеринде 50 жылдан бери, куураган алмалар турчу. Куураган алмалардын баардыгын кестирип, алып ошол жерге 160 түп жаңы көчөттөрдү отургуздук. Буйруса алмалар ушул жылы мөмө бере баштайт», - деди ал.

Мугалим айым 2 уул, 1 кыздын, 1 неберенин энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1854
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×