Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Баткен

Айыл турмушу: Баткендик жеке ишкер Д.Эркинов төкмө акындардын таймашына чыгууга камданууда (фото)

Turmush -  Баткен районунун Рават айылынын 27 жаштагы тургуну Дастан Эркинов төкмө акындык өнөрүн такшалтууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, төкмө акын Идирис Айтибаевдин шакирти. Кесиби боюнча география сабагы боюнча мугалим. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин Рават айылындагы мектепте мугалим болуп иштеген. Бирок көп убакыт өтпөй жеке ишкерлик менен алектенип, 2016-жылы «Өрүкзар» чыгармачылык борборун түптөгөн. «Жакшылык тилейм элиме», «Айтчы сүйүү», «Аксылык кыз», «Узатам сени кантип?» сыяктуу бир топ ырлардын автору. Алдыда акындардын айтыштарына чыгууга камынып жатат.

Акындын атасы да чыгармачылыкка жакын адам болчу. Тилекке каршы 2017-жылы көз жумган. Апасы үй кожойкеси. Акын жигит үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1543
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×