Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 07.02.2018 22:33

Айыл турмушу: 18 жаштагы Асылбек фотосалон ачып, тойлордо 6000 сомго кызмат көрсөтүүдө (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын 18 жаштагы тургуну Нурбек уулу Асылбек 2 жылдан бери сүрөт жана видео тартуу менен алектенет. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, фотоаппарат менен сүрөт тартуу хоббиси.

«Башында үйрөнө албай ар кимге жалдырап, алардын компьютерлерин сурап алып, бузуп алган күндөр болду. Учурда мага ар кандай буйрутмалар келет. Үйлөнүү той, там той, куда тосууда видеого тартып, үйлөнгөн жаштарга фотосессияларды уюштурам. Кыз-жигиттерден да буйрутмалар болот. Буйрутмалар жалпы Талас облусу боюнча келет. Кээде буйрутмасы жок эле өзүм кызыгып, жакын адамдарга акысыз барам. Себеби мен сүрөт тарткандан эс алам десем болот (күлүп). Мен муну хобби катары кабыл алам.

Бир тойду видеого тартканымдын баасы 3000-6000 сомду түзөт. Сүрөткө тартуу кызматым 3000-4000 сом болот. Жаңыдан видео тартып жүргөн кезде кызыктуу окуялар көп болду. Кээде тартып жатсам аппараттын кубаты өчүп калып, уят болгон күндөр болгон (күлүп). Сүрөткө тартып жатканда флешкарт салганды унутуп коюп, жакшы сүрөттөр сакталбай калганын кийин билип калган учурлар да болот.

Учурда бир-эки шакиртим бар. Аларга сүрөт, видео тартууну үйрөтүп жатканыма 2 ай болду. Азыркы учурда үйгө чакан фотосалон ачкам. Келечекте чоң салонго айландырам», - деди ал.

Сүрөтчү жигит үй-бүлөдө 5 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×