Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк А.Төлөбеков жасаган чиркегичтерин 75 миң сомго чейин сатат (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 37 жаштагы тургуну Айбек Төлөбеков унааларга бышык чиркегичтерди жасап, 75 миң сомго чейин баалап сатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бул иш менен 10 жылдан бери алектенет.

«Бул иштен тышкары буйрутмалар болсо дарбазаларды жасай берем. Бул нерсени жасаганды атамдан үйрөнгөм. Атам тракторчу болуп эмгектенчү. Жанында ээрчип жүрүп эле үйрөндүм. Керектүү материалдарды ар кайсы жерден — Бишкектен, Балыкчыдан алып келем. Бир чиркегичтин ар кандай түрлөрүн 3 күндөн 15 күнгө чейин жасайм. Мисалы кээ бирөөлөр эки дөңгөлөктүү, кээ бирөөлөр төрт дөңгөлөктүү кылып жасоого буйрутма беришет. Мен жасаган чиркегичтер ылдамыраак иштейт. Мен СССР учурундагы бышык материалдар менен жасагандыктан бышык болот», - деди ал.

Ал жасаган чиркегичтерин 45 миң сомдон 75 миң сомго чейин баалап сатат.

«Мен жасаган чиркегичтердин эң арзаны 45 миң, кымбаты 75 миң сомдон. Кичинесине 1 тонна 700 кг жүк жүктөсө болот, 3 тоннага чейин жүк жүктөсө болот. Бош убактымда такси кызматында иштейм. Келечекте жардам бере турган киши таап, ушул ишти өнүктүрүүнү пландап жатам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1487
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×