Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Талас

Айыл турмушу: Таластык А.Абдырахманова сулуулук салон ачып иштетип жатат (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 22 жаштагы тургуну Адэль Абдырахманова сулуулук салонун ачып иштетип жатат. Аймактык кабарчы ишкер айым менен баарлашты.

- Менчик салонду ачууда кыйынчылыктар болдубу?

- Бул ийгиликтерге жетүү үчүн узун жолду басып өттүм. Бир жыл ичинде салон ачуу мүмкүн эмес. Буга убакыт керек. Мен мектепте окуп жүргөндө эле сабактан кийин салондорго барып акча төлөп сабак алчумун. Учурдан пайдаланып ата-энеме жана эң биринчи мугалимим Венера Темирова ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Визаж тармагына билинбегени менен көп эле каражат сарпталат экен. Профессионалдык косметикаларды алыш керек. Ижарага салон алып, ичин толтуруу менин милдетим. Мени колдогон ата-энеме рахмат.

- Сиздин сулуулук салонуңуз менен кандай ийгиликтерге жеттим деп ойлойсуз?

- Айымдарга мен жасаган макияж жакканын байкагандан кийин ого бетер салон ачканга каалоом күчөдү. Аздыр-көптүр ушул тапта өзүмдүн кардарларым бар. Ошондой эле чеберчилигимди жогорулатуу үчүн бир нече жолу Бишкекке барып, мыкты визажисттерден сабак алып, боёнуунун ар кандай багыттары боюнча сертификаттарга ээ болдум. Турмушка чыгып жатканда мага келген кыздарды көрүп, той көйнөктөрүн ижарага берүү тууралуу ой пайда болду. Ал оюмду дагы ишке ашырганга жетиштим.

- Сиздин салонуңузда эмне кызматтар каралган?

- Азыркы учурда менин командамда өз ишин жакшы билген 5 адам иштейт. Алар чач кыркуу, боёо, чач жасалгалоо, бетти, кашты, тырмакты сулуулоо кызматтарын көрсөтүшөт.

- Учурда эмне менен алектенип жатасыз?

- Учурда жолдошум экөөбүз жаңы ачыла турган үйлөнүү үлпөт салонубуздун оңдоо иштери менен чуркап жүрөбүз. Үлпөт салонун ачып, кеңейтели деген максатыбыз акырындан ишке ашып жатат.

Ишкер айым 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 586
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×