Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Чүй

Айыл турмушу: Бир жылкыны 1,5 саатта союп, жиликтеген касапчы Д.Сариев кызматы үчүн 2,5 миң сом алат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районуна караштуу Александровка айылынын 28 жаштагы тургуну Данияр Сариев 5 жылдан бери кардарлардын бодо малдарын союп, жиликтеп жана казанга бышырып берет. Ал бир жылкыны бир жарым саатта союп, жиликтей алат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Буга чейин эт базарда малдын этин жиликтеп иштечүмүн. Ошол учурда үйүнөн өздөрү мал соё албаган же шарты жок кардарлар көп кайрылып келишчү. Мындан улам той-аштарда бодо мал союп, кызмат кылсам кандай болот деген ой келди. Ошентип атайын этти тегиз бөлүп, устукандаган аппарат алып, ушул ишти жандандырдым. Андан бери 5 жылдын жүзү болду. Бир топ кишинин бодо малын союп бердим. Мага көбүнчө Сокулук районунан жана Москва районунан кардарлар кайрылышат. Бир күндө 4 бодо мал сойгон күндөр да болот. Ал эми бир бодо малды бир жарым саатта союп, жиликтеп берем», - деди ал.

Касапчы бул кызматы үчүн 2500 миң сом алса, этти казанга бышырып бергенине да кошумча акы алат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3939
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×