Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Нарын

Айыл турмушу: Мугалим Б.Аскалиевдин айылдаштары маркумдардын сүрөттөрүн көп тарттырышат (фото)

Turmush -  Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айылынын 57 жаштагы тургуну Болсунбай Аскалиев көп жылдан бери сүрөт тартып, мектептерди жасалгалап келет. Анын эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

Өзүнүн айтымында, мектепте окуп жүргөн кезинде сүрөт тартканга кызыга баштаган.

«Мен 7-класс кезимден баштап сүрөт тартууга кызыгып, портрет, пейзаждарды тарта баштадым. Биология, зоология, анатомия деген сабактардан тарткан сүрөттөрүм мугалимдерге жагып, өздөрүнө алып калышкан. Аскерге барганда дагы кызыгуу менен сүрөт тартып жүрдүм. Кийин Нарын шаарындагы мекемелерди жасалгалап, эки жылдай иштедим. Андан соң, 1985-жылы айылыбыздагы А.Койчуманов атындагы орто мектепте кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабактарынан мугалим болуп кирип, ушул күнгө чейин иштеп келем. 1994-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин сырттан окуу бөлүмүн аяктагам.

Болсунбай Аскалиевди коңшу айылдардагы мектептерди жасалгалоого чакырып турушат.

«Буйрутма менен сүрөт тартам. Эмгектеримди кымбат деле баалабайм. Кээде бекер деле тартып берем. Көп учурда маркумдардын портретин шашылыш тарттырып кетишет. Менин жолумду кызым Гүлзат жолдоп, мугалим жана сүрөтчү болду», - деди ал.

Мугалим 2004-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн отличниги», 2013-жылы «Кыргыз тили» төш белгилери жана райондук, шаардык, облустук администрациялардын ардак грамоталары менен сыйланган.

Сүрөтчүнүн жубайы М.Жусумамбетова экөөнүн баш кошконуна 32 жылдын жүзү болуп, 1 уул жана 4 кызды тарбиялап жатышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1693
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×