Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Баракелде, Бишкек 02.02.2018 11:45 На русском

Жөө баскан депутаттардан уялган Камчыбек Жолдошбаевдин кандай мүлктөрү бар? (декларация-2016)

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев («Өнүгүү-Прогресс») 2016-жылы негизги жумуш ордунан 784 миң 291 сом киреше тапкан. Бул сумма Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан жарыяланган декларацияда айтылат.

Депутаттын менчигинде 39,81 чарчы метр аянттагы батир жазылган. Ишенимдүү башкарууга берилген мүлктөрдүн тизмесинде:

- жоопкерчилиги чектелген коомдун 100% үлүшү;

- ЖЧКдан 100% үлүш;

- ачык акционердик коомдон 63,8% үлүш;

- ААКтан 51% үлүш;

- ЖЧКдан 50% үлүш бар.

Декларацияда кыймылдуу мүлктөрү көрсөтүлгөн эмес.

Ал эми, депутаттын жакындары негизги жумуш ордунан 171 миң 660 сом киреше алган. Алардын менчигинде 4 унаа бар:

- «Тойота Лексус LS 430»;

- «БМВ Х5»;

- «Лексус RX300»;

- «Субару Форестер».

2015-жылдагы декларацияда депутат 90 миң 660,71 сом иштеп тапканын көрсөткөн. Анын менчигинде 39,81 чарчы метр аянттагы батир жазылган. Ошондой эле, ишенимдүү башкарууга берилген мүлктөрдүн тизмесинде 5 компаниянын үлүштөрү көрсөтүлгөн. Анын жакындары 2015-жылы 171 миң 660 сом киреше алып, 4 унаага ээлик кылганы жазылган.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Камчыбек Жолдошбаев бир нече компаниянын түзүүчүсү болуп эсептелет.

Алар:

- «Беш-Сары» ЖЧК, түзүүчүсү — Камчыбек Жолдошбаев, жетекчи — Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна (депутаттын кызы, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты). Ишмердүүлүгүнүн багыты — кенен ассортименттеги товарларды дүң сатуу. Компания каттоодон 1998-жылы 16-февралда өткөн.

- «Беш-Сары-К» ЖЧКсы, түзүүчүсү — Камчыбек Жолдошбаев, жетекчи — Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна. Ишмердүүлүгүнүн багыты — таш көмүр казуу. Компания каттоодон 2002-жылы 22-сентябрда өткөн.

Камчыбек Жолдошбаевдин агасы Сариев Таалайбек Жолдошбаевич Бишкек шаардык кеңешиндеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери болуп эсептелет.

Депутат К.Жолдошбаев эл өкүлдөрү коомдук унаага түшүп, жөө басканына уялат

Депутат Камчыбек Жолдошбаев парламенттин кечээ, 1-февралдагы жыйынында депутаттардын кызматтык унаадан баш тартуусуна байланыштуу маселени журналисттерди катыштырбай талкуулоону сунуштаган. Анын айтымында, коомдук унаага түшүп, жөө баскан кесиптештеринен уялат.

«Депутаттар менен алардын жардамчылары маршруттук таксиден түшүп (кичи автобус), Жогорку Кеңешке жөө келгенине уялам. Келгиле, бул токтомду журналисттерди катыштырбай талкуулап, маселени күн тартибине коелу. Биз баш тарткан унаалар башкаларга берилип, баары бир каражат короп жатат», - деди К.Жолдошбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×