Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусу 01.02.2018 20:26

Оштун тургундарына Өзбекстандын эмгек сиңирген артисттери спектакль көрсөтүп башташты

Turmush -  Өзбекстандын Наманган облустук музыкалык драма театрынын артисттери Ош шаарына гастролдоп келишти. Учурда жергиликтүү тургундарга «Азиз» комедиялуу спектаклин тартуулап жатышат.

Оштогу Бабур атындагы академиялык музыкалык өзбек драма театрынын башчысы Набиджан Мамажановдун айтымында, Намангандан келген чыгармачыл топтун курамында жалпы 21 адам бар.

«Артисттер кечээ, 31-январь күнү келишкен. Алардын арасында Өзбекстандын эмгек сиңирген артисттери да бар. Бүгүндөн тарта спектакль көрсөтүлүп жатат. Күнүнө эки сеанс менен коюлуп, 2-февраль күнү Араван районуна, 3-февраль күнү Ноокат районуна барышат», - деди Н.Мамажанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×