Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Баракелде, Бишкек 31.01.2018 10:02 На русском

Депутат Бишкек ЖЭБди модернизациялоого кеткен 386 млн доллар насыя боюнча парламенттик комиссия түзүүнү сунуштады

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Алтынай Өмүрбекова («Республика — Ата Журт») бүгүн, 31-январда парламенттин отурумунда 386 млн доллар насыя боюнча парламенттик комиссия түзүүнү сунуштады.

Анын айтымында, кечээ Жогорку Кеңештин комитеттеринин биринде бул маселе көтөрүлгөн.
«Коомчулукта ушул насыя боюнча суроолор болуп жатат. Ал эмнеге коротулду? Шайлоочулар комиссия түзүп, парламент баа беришин талап кылып жатат», - деди ал.

Анын фракциялашы Мирлан Жээнчороев («Республика — Ата Журт») отурумга өкмөт башчысын чакыртууну талап кылса, депутат Бакыт Төрөбаев («Өнүгүү-Прогресс») дагы өкмөт башчы маалымат бериши керектигин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×