Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Баракелде

Жогорку Кеңештин депутаттары «Чыңгыз Айтматов» орденин уюштурууну демилгелешти

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаттары Иса Өмүркулов, Аида Касымалиева баштаган КСДП фракциясынын сегиз депутаты жана «Ата Мекен» партиясынын бир катар эл өкүлдөрү «Чыңгыз Айтматов» орденин уюштурууну демилгелеп чыгышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Каныбек Иманалиев, Садык Шер-Нияз, Эмил Токтошев жана «Бир Бол» фракциясынын депутаты Жаныбек Бакчиев «Чыңгыз Айтматов» медалын уюштурууну демилгелешкен болчу.

КСДП жана «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары жазуучунун маданият, агартуу, илим, адабият жана искусство тармагында жасаган зор эмгеги, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы руханий байланышты өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алуу менен сыйлыктын макамын көтөрүп, орден уюштуруу боюнча жаңы мыйзам долбоор сунуштоо тууралуу пикирге келишкен.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1699
×