Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 26.01.2018 10:30 Жаңыланды: 10.10.2018 09:10

Айыл турмушу: Кызыл-кыялык Б.Мамажанов буйрутма менен 4 миң даанага чейин нан жасайт (фото)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарынын 28 жаштагы тургуну Бахтияр Мамажанов 12 жашынан бери наабайчы болуп иштеп, айына 25 миң сомго чейин акча табат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Ош шаарында төрөлгөн. 9 жылдан бери Кызыл-Кыя шаарында жашап, эмгектенип келет.

«Менин ата-бабаларым да наабайчы болушкан. Мен төртүнчү муундагы наабайчымын. Наабайчылыкка кичинекей кезимден эле кызыкчумун. Бирок кичинекей болгонума байланыштуу тандырга боюм жетпей, атама нан ташып, камыр жасап жардам берчүмүн. 12 жашымдан тарта өз алдымча нан жаап баштадым. Азыр өзүмдүн шакирттерим бар. Мындан мурун 4-5 шакирт чыгардым. Алар учурда Россияда наабайчы болуп иштеп жатышат.

Наабайчы болуу үчүн адамда каалоо жана өтө күчтүү кызыгуу болушу керек. Ар бир жумуштун кыйынчылыктары болгондой, бул жумушта да кыйынчылыктар көп. Биздин жумушта уйкудан калуу көп болот. Буйрутма алганда күнү-түнү менен уктабайбыз. Баары таттуу уйкуда жатканда биздин жумуш башталат. Түнкү саат 1-2де камыр жууруйбуз, ал 3-4 саатта ачыйт. Таңкы саат 5-6да нан бышырып баштайбыз. Жайдын күнүндө ысык тандырга киребиз, кышында суукта турабыз. Эл канча буйрутма берсе кабыл ала беребиз. Көпчүлүк учурда 2000-3000 нанга буйрутма алабыз. Кээде 4000 даана нан жапкан учурлар болот. Айына 20-25 миң сомго чейин акча табабыз.

Эң чоң уулум 5-класста окуйт. Ал да менин жумушума кызыгып, чоңойгондо наабайчы болом дейт. Мен нан жаап жатканда нан ташып жардам берет. Бирок мен ага «окууңа көбүрөөк көңүл бур, убагы келгенде нан жабуунун сырларын үйрөтөм» деп айтам», - деди ал.

Наабайчы 2 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×