Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Нарын

Кочкорлук акын Ө.Абдыкалыков «Айтматов клубунун» сыйлыгын алды

Turmush -  Кочкор районунун Талаа-Булак айыл аймагындагы Көкөбай Мамбеталиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана кыргыз адабияты мугалими, акын Өзүбек Абдыкалыков «Айтматов клубунун» төш белгиси менен сыйланды. Сыйлыкты «Айтматов клубунун» президенти Абдылдажан Акматалиев тапшырды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, Ө.Абдыкалыковго төш белги жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын окутуу, жайылтуу жана андагы гуманисттик идеяларды жаш муундарга жеткирүү иштерине кошкон салымы үчүн берилди.

Акын Өзүбек Абдыкалыков Кочкор районунун Талаа-Булак айылында 1954-жылы 3-июнда туулган. 1976-1978-жылдары Баку шаарында Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетин аяктап, эмгек жолун Кочкор районунун К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинде мугалим болуп баштаган. 1976-жылы алгачкы чыгармасы «Мугалимдер газетасына» басылган. Ал эки жыйнактын автору. «Адамдарга кайрылуу» аттуу биринчи китеби 1996-жылы жарык көргөн.

1996-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланган. 1999-жылы Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги болгон. Балдар үчүн жазылган «Уя» аттуу аңгемелер жыйнагы 2010-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги тарабынан уюштурулган сынакта баалуу сыйлыкка татыды. Ошондой эле, 2001-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1650
Көп окулду
×