Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 22.01.2018 20:50 Жаңыланды: 06.07.2018 16:00

Айыл турмушу: Кара-бууралык Ж. Өскөналиева 15 жылдан бери бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенүүдө (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын 44 жаштагы тургуну Жамийла Өскөналиева 15 жылдан бери бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенүүдө. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районуна караштуу Арчагул айылынын кызы. 1991-жылы Талас медициналык окуу жайын аяктап, 1993-жылы Көк-Сай айылдык ооруканасында башкы медайым болуп эмгектенген. 1993-жылы Көк-Сай айылындагы Алтынбек Эгембердиевге турмушка чыккан. Жолдошу айылдын устасы.

«Бала бакча ачылганда мени чакырышып, «тарбиячы болуп иштегенге ылайыктуу кадрлар болбой жатат, айлыгы аз, бирок иштеп бер» деп сунуш кылышты. Ошентип 30 орундуу кылып 1 тайпа ачтык. Бала бакчаны айылда дарыкананын имаратынын бир бурчуна ачканбыз. Ал эски бала бакчага жолдошумдун, менин үй-бүлөмдүн салымы көп десем болот. Анткени жоктон жасалды. Каражаттуу эжелер керектүү буюмдарды алып беришсе, жолдошум зарыл болгон буюмдарды бекер жасап берчү. Мен балдарга тарбиячы болуп иштеп ушул күнгө жеттим. Учурунда 1998-жылкыларды тарбиялап калгам. Азыр сахна жылдызы болуп, элге жаңы таанылып келе жаткан Толгонай Арзыкееваны тарбиялап калгам. Убагында анын талантын байкап, «сен чоң жылдыз болосуң» деп калчу элек. Эми мына аны сыналгыдан көрүп жатабыз (күлүп). Андан башка дагы жүздөгөн балдарды тарбиялагам.

2010-жылы «Жылдын мыкты тарбиячысы» деген сынакка катышып, алдыңкы орунга ээ болдум. «Гүлбадам» бала бакчасы 2012-жылы облустук деңгээлдеги «Мыкты бала бакча» сынагына катышып, 1-орунга ээ болгон. Элге кызмат кылып келе жатканыма 25 жыл болду», - деди ал.

Жамийла айым 2008-2012-жылдары Көк-Сай айылдык кеңешине депутат болгон. Учурда 3 кыз, 1 уулдун энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×