Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Ош

Оштогу сүрөт мектебиндеги окуучулардын алды Францияда жеңүүчү болушту (фоторепортаж)

Turmush -  Ош шаардык Г.Айтиев атындагы балдардын көркөм сүрөт мектебинде жаш сүрөтчүлөрдүн көзү менен тартылган Кыргызстандын жаратылышы, улуттук каада-салттар, улуттук оюндар, Ош шаарындагы соода мекемелер, Ысык-Көл тууралуу сүрөттөр жана залкар жазуучу Ч.Айтматовдун портрети илинип турат. Ал сүрөттөрдү аталган мектепти аяктап жаткан 15-16 жаштагы балдар дипломдук иши катары тартышкан.

Аталган сүрөт мектебинин окуу иштеринин бөлүм башчысы Бурул Байтикованын билдиришинче, ар кандай темадагы сүрөттөрдү балдар өздөрү тандашат.

«Окуучуларыбыз мектепти аяктап жатканда дипломдук иши катары эркин темада сүрөттөрдү тартышат. Албетте, балдар дүйнөсү баёо болот эмеспи. Алар тарткан сүрөттөр ар бир адамга жакшы тасир калтырат», - деди ал.

Сүрөт мектебинде окуп жаткан окуучулардын тарткан сүрөттөрү Франция, Голландия өңдүү өлкөлөрдөгү сынактарда жеңүүчү болуп, Ташкент, Казань шаарларында да мактоого алынган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2005
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×