Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Талас облусу, Талас 17.01.2018 13:13

Таласта 1 жылда 80 миң тонна төө буурчак чет жакка экспорттолот

Turmush -  Талас облусунда 1 жылда орточо эсеп менен 80 миң тонна төө буурчак чет жакка экспорттолот. Бул тууралуу бүгүн, 17-январь күнү Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбеков 2022-жылга чейин Талас шаарын өнүктүрүүгө сунушталган долборлорду тааныштырууда билдирди.

Анын айтымында, облуста төө буурчактан тышкары 76 миң 202 тонна сүт, 24 миң 273 тонна эт өндүрүлөт. Жыйында мэрия тараптан төө буурчакты сатыкка даярдоочу, шире чыгаруучу, эт даярдоочу ишкана, жемиш сактоочу логистикалык борбор куруу сунушталды.

Ошондой эле, 4 бала бакча, 1 мектеп куруу маселеси талкууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×