Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Ош

Элдик уламыш: Чечендерден коркпой короодо күзөтчүлүк кылган Садырбай аксакалдын ысымы айылына ыйгарылган

Turmush -  Кара-Суу районуна караштуу Садырбай айылынын аталышы өзгөчө эмгеги сиңген аксакалдын ысымынан аталып калган. Айылдын тургундарынын айтымында, бир убакта ал чөлкөмдө бир да жан болбой, Садырбай деген адам гана жашаган.

Өзүн Садырбай аксакалдын небересимин деп тааныштырган Алтынбек Садырбаевдин билдиришинче, кузгун конбой, ит-куш баспай, ээнсиреген талаа болгон аймак жылдар өтүп чоң айылга айланды.

«Атамдын айтымы боюнча, биздин айыл турган аймак ээн жер болгон экен. Согуш же башка убакта болгонун так билбейм, азыр биздин айыл жайгашкан аймак буудай талаасы болуптур. Буудай талаасынан сырткары ылайдан курулган коргон болгон дешет. Ошол коргондо совхоздун төөлөрү, койлору бар экен.

Ал кезде азыркы Садырбай айылынын айланасында чечендер жашачу деп айтылат. Чечендер ушул чөлкөмгө келгенден бери совхоздун короосуна эч ким күзөтчү болбой калган экен», - деди ал.

Садырбай Сыдыкбеков өжөр киши болгондуктан эч ким кароол болбогон короого үй-бүлөсү менен күзөтчү болуп барган.

«Ошол жердеги чечендер абдан тажаал болгондуктан бул аймакка бир дагы кыргызды жолотпой койгон. Ошол убакта совхоздун короосуна бир дагы адам күзөтчү болгонго көнбөй койгондуктан, менин чоң атам Садырбай Сыдыкбеков күзөтчү болуп келген деп калышат. Чоң атам дагы өжөр киши болуптур», - деди ал.

Адам баспаган чөлкөмдө жалгыз жашаган үй-бүлө совхоздун жерине күзөтчүлүк кылышкан.

«Чоң атам абдан берешен киши болгон дешет. Мал-жандыктарын көбөйтүп баккан эмес. Кой, малдарын союп, этин жерге көмүп койчу экен. Ошол убакта Совет (азыркы Кара-Кулжа) районунан Ошко биздин айыл аркылуу топурак жол бар болчу. Советтиктер ошол топурак жол аркылуу Ошко кетип жатышып, Садырбай чоң атамдын короосунда түнөп кетишчү экен. Чоң атам ары-бери өткөн адамдарды короосуна чакырып, көмүп койгон эттерди бышырып берип сыйлачу дешет. Мындан сырткары чоң атам абдан даамдуу бозо салчу экен. Жолдон өткөн адамды чакырып, бозо берчү деп айтышат.

Ошол убактарда бул аймакта Жаман-Ооз деп аталган гана көлчүк болуптур. Эл мал-жандыктарына ошол көлчүктөн суу ичирчү экен. Кийин Отуз-Адыр каналы курулуп бүтүп, ошол чөлкөмгө бирин-серин элдер көчүп келип, бүгүнкүдөй айыл болуп калыптыр. Жолдон ары-бери өткөндөр бири-бирине кабар бергенде "Садырбайдын короосуна жеттим, Садырбайда кетип жатам" деп жүрүшүп, айыл Садырбай аталып калган экен», - деди А.Садырбаев.

Садырбай Сыдыкбеков 1 уул, 1 кыздуу болгон. Уулу өзү күзөтчүлүк кылган коргондо төрөлүп, ысымын Коргонбай деп атаган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3727
Элдик уламыштар
×