Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-январь
68.7    84.07    1.22    KZT 0.21
Жалал-Абад

Фото - Токтогулдагы унаа кырсыктан 4 адам мерт кетти

Turmush -  Кечээ, 13-январда Токтогул районунда болгон унаа кырсыктан 4 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Чычкан капчыгайында болгон. Мунайзат ташыган чоң унаа менен "Опель Зафира" үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышкан. Анын кесепетинен жеңил унаадагы 2 эркек менен 1 кыз жаракат алып, 3 эркек жана 1 аял мерт болгон. Каза болгондордун денеси өлүк сактоочу жайга, жаракат алгандар райондук ооруканага жеткирилди.

Учурда тактоо иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4714
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×