Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель
Нарын

Кочкордун дайынсыз жоголгон тургуну Р.Татыкеев 4 жылдан бери изделүүдө (фото)

Turmush -  Кочкор районунун дайынсыз жоголгон тургуну Рысбек Татыкеев төрт жылдан бери изделүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалым болгондой, Токмок шаарынын тургуну Аман Рысбеков ички иштер бөлүмүнө кайрылып, 2013-жылдын жаз айларында атасы Рысбек Татыкеев Кочкордогу үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келбегендигин билдирген. Ал 1958-жылы туулган.

Өзгөчө белгилери: бою 170-175 сантиметр, өңү кара тору, бети тоголок, чачы кара, мурутчан.

Кийген кийимдери: кара жемпир, боз куртка, кара түстөгү бут кийим.

Рысбек Татыкеевди көргөндөр 03535 50279, 0701692255 номурларына чала алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1521
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×