Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Чүй

Сокулукта жаш жана улуу курактагы адамдардын катышуусунда спорттук мелдештер уюштурулду (фото)

Turmush -   Сокулук районунда жаш жана улуу курактагы адамдардын катышуусунда спорттук мелдештер уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн жетекчиси Изат Жунушов билдирди.

«Сокулук районунун Асылбаш айылында тогузга чукул спорттук мелдештер өттү. Анда улак тартыш, алыскы аралыкка чуркоо, күрөш, кол күрөш жана башка спорттун түрлөрү болду. Биз мында улуу жана жаш муундагы адамдарды аралаштырып өткөрдүк. Себеби, спорттук мелдештерге жаштар эле катышып, орто менен улуу муундагылар көп аралашпай калышат экен. Аларды дагы спортко үндөөгө аракет кылдык», - деди ал.

Мелдештердин жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, акчалай сыйлыктар жана грамоталар берилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1342
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×