Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Талас

Айыл турмушу: Бакай-аталык Жамила апа үндүк багып жүрүп, уулдары менен ири мал чарба түптөдү (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл өкмөтүнүн 70 жаштагы тургуну Жамила Токсонова үндүк багып, тиричилик кылат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, үндүктөрдү 1992-жылы күйөөсү Анарбек Абдырахманов экөөлөп бага баштаган. 2000-жылы жолдошу каза болуп калгандан кийин бүт түйшүктү өзү алган. Үндүк сатып, анын акчасына кой, жылкы, уй сатып алып, алардын башын көбөйтө баштаган. Ушул мезгилде Каныбек деген уулу тоодогу короодо 200дөй кой, 10дон ашуун уй, 10го жакын жылкы багат. Жаныбек деген уулу 7 гектар жер иштетет. Дагы бир уулу Канат жалаң техникаларды башкарып, өздөрүнөн сырткары айыл элине да кызмат көрсөтүп кошумча киреше табат. Өзү болсо азыркыга чейин үндүк-тоокторду көбөйтүү менен алек. Үндүктү жаздан баштап сентябрга чейин тоодогу короосунда багышат. Бул ишке 23 небересинин улуулары жардам беришет. Семирткен үндүк-тооктордун көбүн ар жылы жаңы жыл алдында союп, Бишкек, Тараз, Талас шаарларынын жашоочуларына сатат.

«Үндүктөр азыркы дыйкан чарбамдын түптөлүшүнүн башаты болгон. Ошондуктан бул канаттууну багууну алигиче колдон чыгарбай келе жатам», - деди ал.

Жамила апа 2007-жылы «Талас облусунун мыкты фермери», 2011-жылы «КРнын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер» наамдарын алган. 7 баланы төрөп, өстүргөндүгү үчүн «Баатыр эне» орденин да алган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2519
×