Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель
Талас

Жубайлар: Шекерлик Сүйүн ата Акбары апаны бир көргөндө эле жактырып, баш кошкон (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылындагы 65 жаштагы Ташкараев Сүйүн ата 61 жаштагы Алыбаева Акбары апаны бир көргөндө эле жактырып баш кошкон. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Акбары апанын айтымында, жолдошу экөө 1974-жылы баш кошкон.

«Өзүм үйдө жалгыз кыз болуп, агаларыма эркелеп өскөм. Мектепти бүтүп, 1974-жылы Шекер айылына келин болуп келгем. Ал учурда сүйлөшүп же таанышып алып келүү деген жок болчу. Жолдошум мени бир көрүп жактырып, «Жигули» үлгүсүндөгү унаа менен алып келген. Ал учурда азыркыдай болуп каалагандай кийинип келчү эмеспиз. Үстүбүзгө кыргыз көйнөк, кыргыз маасы кийгизип алып келишчү. Келин болуп жүргөндө чачыбызды бекитип, жоолук салынып, бутубузду көргөзбөй узун көйнөктөрдү кийип жүрчүбүз.

Жаңы келин болгондо кызматымды жакшы билчү эмесмин. Башында кыйналган күндөрүм көп болду. Кайын энемдин эрте эле көзү өтүп кеткенине байланыштуу тамак жасаганды абысыным Бурулкандан үйрөнгөм. Андан кийин баардыгын өзүм үйрөнүп кеттим. Жолдошум ал учурда тамекиде бригадир болуп иштечү. Жолдошум экөөбүз тамекиде 1974-жылдан 1990-жылдарга чейин эмгектендик. 1990-жылдары токой чарбада аялдар бригадасында иштеп калдым. Көчөттөрдү кантип олтургузуш керек, кантип кыйыштырыш керек баарын үйрөндүм. Ошенттип 2003-жылы пенсияга чыктым. Азыр үйдө чакан дүкөн иштетем», - деди ал.

Акбарынын апа 4 уул, 3 кыз төрөгөн. Баардыгы турмушта өз ордуларын тапкан.

«Улуу балам Рамис учурда Бишкекте жашап иштейт. Кийинкиси Гүлнура Ак-Жар айылынын мектебинде директордун орун басары. Кийинки уулум Мелис заводдо иштейт. Андан кийинки 2 кызымдын бирөөсү Ат-Башыга турмушка чыккан. Экинчиси Бишкекте ооруканада эмгектенет. Эң кенже уулум Иляз биздин колубузда. Уулумду 2017-жылы үйлөнттүк. Учурда баласынын жытына тойбой жаткан кезибиз», - деди ал.

Акбары апа «Баатыр эне» наамын 2012-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин колунан алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1895
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:02,   25.04.2018   ( 4 адам окуп жатат)
×