Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Талас

Жаш талант: Таластык Бектурсун англис тилин үйрөнүп, эл аралык уюмдар менен иштешкен (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 19 жаштагы тургуну Саматбек уулу Бектурсун англис тилин үйрөнүп, эл аралык уюмдар менен иштешкен. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, англис тилин чоң апасынан үйрөнө баштаган. Учурда компьютердик технология багытында билим алып жатат.

«Чоң апама ыраазычылык билдиргим келет. Жаңы окуп баштаганда кыйын эле болду. Кичине жалкоо элем, англис тилин үйрөнө албай жай окуп жүрдүм. Кийин тил окутуу борбору ачылып, ал жакта окуй баштадым. Анда Америкадан келген Роксанна Хоуп деген мугалим иштечү. 6 ай ал жакта бекер окудум. Роксаннаны апче деп койчумун. Ал мени иним дейт. Ал эмгек келишими бүтүп өлкөсүнө кетти. Бирок азыркыга чейин сүйлөшүп турабыз.

Мектепте 9-классымда англис тили боюнча шаардык олимпиадага катышып, 3-орунду алдым. Андан соң Тынчтык корпусуна кабылдым. Ал жакта Стерлинг Гарнетт мыкты волонтерлордун бири. Ал менен англис тилин батыраак үйрөндүм. Аталган уюм тарабынан уюштурулган сабактар жана лагерлерде котормочу болдум. Америкалыктар жана француздар менен көп иштешип, көп нерсени үйрөндүм», - деди ал.

Бектурсун үй-бүлөдө 2 бир тууган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3030
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×