Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Ош

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө 2 млн сомго арка курулду

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө 2 млн сомго арка курулду. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Бакытбек Марипов билдирди.

Маалыматка караганда, арканын бийиктиги 10 метр болсо, туурасы 15 метр. Ага боз үйдүн түндүгү, өлкөнүн желеги жана кыргыз орнаменттери түшүрүлдү. Аркадан киргенден кийинки негизги жолдун 2 тарабы 2 км аралыкка чейин жарыктандырылган.

Андан тышкары, көрнөк-жарнактар үчүн атайын такталар орнотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1245
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×