Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Жалал-Абад

Чаткалда жергиликтүү көйгөйлөр талкууланды (фото)

Turmush -  Чаткал районунда элдик жыйын өткөрүлүп, санариптик телеберүү жана жөлөк пул маселелери көтөрүлдү. Чаткал райондук администрациясынан билдиргендей, райондун 2 айыл өкмөтүндө элдик жыйындар уюштурулду. Анда район жетекчилигине тургундар өз көйгөйлөрүн айтышып, айрым маселелер көп жылдардан бери чечилбей келе жатканын белгилешти. Тургундар санариптик телеберүү жана жөлөк пул көйгөйлөрүн ортого салышты. Мындан сырткары кен казган компаниялардан түшкөн каражаттар кайсыл тараптарга жумшалып жатканын сурашты.

Район башчысы бардык маселелерди, элдин көйгөйүн карап чыгуу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди. Ал эми жөлөк пулдар боюнча жаңы мыйзам долбоору түшүндүрүлүп, кен казган фирмалардан түшкөн каражаттар эл үчүн максаттуу пайдаланылып жатканын жана ал тууралуу маалыматтар берилерин айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1120
Көп окулду
×